Ссылки доступа

Былтыр Кыргызстанда коррупция боюнча 905 иш козголду


Өткөн жыл ичинде жемкордук фактылары боюнча козголгон кылмыш иштеринин саны 905ке жетти.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын коррупцияга каршы күрөшүу жана көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Азамат Ибраимов мекеменин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда, коррупциялык кылмыштар боюнча 568 иш сотко ашты. 435 кызмат адамына айып тагылды.

Жемкордукка байланышкан мыйзам бузуулар көбүнесе бюджеттик каражаттардын колдонулушун, мамлекеттик сатып алууларды текшерүү учурунда ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG