Ссылки доступа

Түркмөнстан экинчи космос спутнигин учурууну көздөйт


“Түркмөнстан хроникасы” басылмасы экинчи жасалма спутникти даярдоо аракети жүрүп жатканын жазып чыкты.

Бул долбоор өкмөттүн жыйынында талкууланып, өлкө башчы аны ишке ашырууну жееткчилерге тиешелүү тапшырды.

TürkmenÄlem 52°E деп аталган биринчи спутник былтыр 28-апрелде АКШнын Флорида штатындагы Канаверал аймагынан учурулган.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов биринчи спутник кое берилгенден кийин, ага ири өлчөмдөгү акча сарпталганы менен коюлган максат жана мүмкүнчүлүктөр толук жүзөгө ашпай калды деген нааразылык билдиргени белгилүү.

XS
SM
MD
LG