Ссылки доступа

Орусиялыктардын басымдуу бөлүгү өлкө экономикалык кризисте деп эсептейт


Көз карандысыз “Левада” борбору уюштурган сурамжылоодо орусиялыктардын 80% мамлекет учурда экономикалык кризисте деп эсептей турганы маалым болду.

Алардын 21% бул кризис узак жылдарга уланарын, дагы ушунчасы эки жылдан соң баары ордуна келерин божомолдошкон. Сурамжылоо узап бараткан аптада жүргүзүлгөн.

Кризиске кептелүүнүн себеби катары респонденттердин көпчүлүгү дүйнөдө мунайга баалар арзандаганын көрсөтүшкөн. Айрымдары жемкорлук менен мамлекеттик уюмдардын чыгымы көбөйгөнүнө байланыштырган. Суроолорго жооп бергендердин чейрек бөлүгү муну Батыштын Орусияга киргизген санкцияларынан көргөн.

Ошондой эле калктын 58% кризистен улам азык-түлүктү үнөмдөп жатканын билдиришкен. Былтыр жашоочулардын 37% тамак-ашты үнөмдөөгө өткөнүн айтышкан эле.

XS
SM
MD
LG