Ссылки доступа

Европада Савченкону колдоо иретинде ачкачылык акциясы башталды


Ачкачылык акциясы Европа Кеңешинин депутаттарынын демилгеси менен Савченкону бошотуу максатында уюштурулуп жатат.

Ага батыштын бардык жашоочулары мүмкүнчүлүгүнө жараша бир нече саатка же бир күнгө катыша алат.

Акция “Надежда Савченкого азаттык” деп аталат. Депутаттардын сунушу социалдык тармактар менен жарандык активисттердин колдоосуна ээ болду.

Муну менен Савченкону кубаттагандар көп экенин көрсөтүү максат кылынып жатканын чехиялык депутат Кристина Зеленкова билдирди. Ошол эле маалда украиналык учкучтан башка саясий туткундардын тагдырына дүйнө коомчулугунун көңүлүн бурууга багытталган. Февралдын аягына чейин улана турган акцияга Чехияда бир нече адам кошулду. Алардын катары барган сайын көбөйүүдө.

Учкуч Надежда Савченко орусиялык эки журналисттин өлүмүнө катышы бар жана чек арадан мыйзамсыз өткөн деген шек менен камакта отурат. Сот былтыр декарда анын абактагы мөөнөтүн 2016-жылдын 16-апрелине чейин узарткан. Соттолуучунун күнөөсүз экенин далилдөө максатында Киев сунуштаган документтер отурумда каралган эмес. Буга нааразы болгон Савченко үчүнчү жолу ачкачылык жарыялаган. Ал өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, чек арадан орусиячыл жикчилдер уурдап кеткенин кайталап келет.

XS
SM
MD
LG