Ссылки доступа

Сот журналисттин президент боюнча арызын канааттандырган жок


Бишкектин Биринчи Май райондук соту 15-февралда журналист Дайырбек Орунбековдун мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин үстүнөн жазган арызын карап аны канааттандыруудан баш тартты.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева кабарлады:

- Сот Орунбековдун арызын канааттандырган жок. Бул чечимге нааразы тарап 30 күн ичинде шаардык сотко кайрылуу укугу бар.

Алмазбек Атамбаев жаңы жыл алдындагы маалымат жыйынында Орунбековду башка бирөөлөрдүн буйругунун негизинде иштейт деп айыптаган. Мындан улам "кадыр-баркыма шек келди" деген доомат менен журналист андан символикалык түрдө бир сом өндүрүү талабы менен сотко кайрылган.

Ал эми ага чейин Дайырбек Орунбеков maalymat.kg сайтында июнь коогасы боюнча Атамбаевди каралап жазган деп табылып, 2 млн сомго айыпка жыгылган.

XS
SM
MD
LG