Ссылки доступа

Дүйшөмбү: театрды жардырууга аракеттенген адам 25 жылга эркинен ажыратылды


Пянж районунун Пахтакор айылынын 21 жаштагы тургуну, «Талибан» террордук кыймылынын мүчөсү Шахриёр Турахонов облустук соттун чечими менен 25 жылга абакка кесилди.

Хатлон облустук сотунун төрагасынын орун басары Сайфиддин Мухиддинзода соттолгон адам «Талибандын» буйругу менен Дүйшөмбүдөгү опера жана балет театрын жардырууну максат кылганын билдирди.

Шахриёр былтыр июлда Ооганстанга мыйзамсыз кирип, талиптердин катарына кошулган. Ал жакта 3 ай машыгуудан өтүп, мекенине атайын тапшырма менен кайткан. Анын Ооганстанга кеткени укук коргоо органдарына белгилүү болуп, натыйжада былтыр ноябрда камакка алынган. Тергөөдө өзү менен бирге лагерде атайын машыгуудан дагы эки тажик жараны өткөнүн, алар Дүйшөмбүдө Улуттук китепкана менен Улут сарайын (Кохи Миллат) жардырмак болгонун айтып берген.

Тажикстандын коопсуздук кызматы жардырууну жүзөгө ашыра тургандардын биринин тек-жайы аныкталганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG