Ссылки доступа

БУУ Сириядагы аба соккуларын айыптады


Бириккен улуттар уюмунун маалыматы боюнча, Сириянын түндүк райондорундагы аба соккуларынан 50гө чукул жай тургун каза тапты.

Уюмдун Баш катчысы Пан Ги Мундун билдирүүсүндө чабуулдардан кеминде 5 оорукана, эки мектепке зыян келтирилген. Алардын катарында “Чек арасыз дарыгерлер” эл аралык уюмунун колдоосу менен иштеген бейтапкана да бар. Пан Ги Мун аба соккуларын “эл аралык укукту одоно бузуу” катары баалады.

Чабуулдарды Европа Биримдиги менен АКШ да сынга алды. Мамлекеттик департамент Орусия менен Башар Асаддын бийлигинин аракеттеринен улам, жакынкы күндөрдө күчүнө кире турган ок атышууларды токтотуу тууралуу макулдашуунун аткарылары күмөн туудуруп жатканын жарыялады.

Сирия оппозициясынын өкүлдөрү аба соккуларын орусиялык учактар же өкмөттүк күчтөр жасады деген ишенимде. Сириянын Москвадагы элчиси Риад Хаддад болсо чабуулдар үчүн АКШнын жана анын өнөктөштөрүнүн аба күчтөрү жооптуу экенин билдирди.

Ал арада БУУнун Сирия боюнча атайын чабарманы Стаффан де Мистура Дамаскка барды. Ал бийлик менен оппозициянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кийинки айлампасына даярдыкты талкуулайт. Жолугушуу 25-февралда Женевада болору күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG