Куляб аймактык прокуратурасы анын тергөө абагына камакка алынганын тастыктап, кылмыш иши козголгонун билдирди.
Полковникке Кылмыш кодексинин 250-беренесинин негизинде, “коркутуп-үркүтүү, мажбурлоо менен акча талап кылган” деген айып тагылууда. Мындай кылмыш үчүн үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылдан 20 жылга чейинки мөөнөт берилет. Кылмыш иши Куляб шаарынын бир топ тургундарынын арызынан кийин ачылган. Алар Рустам Темуров 200 миң доллар талап кылганына нааразы болушуп, укук коргоо органдарына кайрылышкан.
Рустам Темуровдун ысымы өткөн кылымдын 80-жылдарында Куляб облусунун Социалисттик менчикти уурдоого каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын орун басары кызматын аркалай баштагандан кийин белгилүү болгон. Ал кезде Темуров бир катар мамлекеттик мекемелердеги мыйзамсыз иштерди ашкерелеп чыккан.