Ссылки доступа

Казакстанда жаш баланын өлүмү толкундоолорду жаратты


Казакстандын Тараз шаарынын жанындагы Бурул айылында жергиликтүү калк жаш баланы мыкаачылык менен өлтүргөндөрдү жазалоону укук коргоо органдарынан талап кылышууда.

Жамбыл облустук ички иштер бөлүмү билдиргендей, 15-февралдын кечинде Дүйшөнбек аттуу алты жашар наристенин кыйнап өлтүрүлгөн жансыз денеси өзү жашаган үйдөн табылган. Кылмыш иши ачылып, шектүү адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Окуяга каза болгон баланын үй-бүлөсүнүн мүлкүн уурдоо аракети себеп болгону айтылууда.

Жергиликтүү калктын нааразылыгынан кийин аларга тергөөнүн алдын ала жыйынтыктары тууралуу маалымат берилген.

Буга чейин нааразы болгондор айылдагы жолдорду торошуп, абалды милициянын атайын бөлүктөрү көзөмөлдөп жатканын кабарланган. Укук коргоо органдары азыр кырдаал тынчып калганын жана бала карактоого байланыштуу өлтүрүлгөнүн, анда зордуктоонун белгиси жоктугун билдиришти.

Бурул айылы Жамбыл облусунун борбору Тараз шаарына жакын жайгашкан. Айылда 12 миң адам жашайт. Калктын көпчүлүгүн казактар, 30 пайызга жакынын этникалык түрктөр түзөт.

XS
SM
MD
LG