Ссылки доступа

Тажикстанда ИМ тобунун желегин көтөргөндөр абакка кесилди


Тажикстандын Хатлон облусунун Нурек шаардык соту коомдук жайда “Ислам мамлекети” радикал тобунун кара байрагын көтөрүп жүргөн үчүн 13 адамдын үстүнөн өкүм чыгарды.

Расмий кабарларга караганда, алар төңкөрүш жасоо, экстремисттик чакырык таштоо жана кылмыштуу топ түзүү боюнча айыпталып, 10 жылдан 27 жылга чейин эркиндиктен ажыратылды.

Соттолуучулардын жашы 21, эң улуусу 74 жашта. Алар өткөн жылдын августунда Нурек калаасында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун желегине окшош кара байрак көтөрүп жүргөнү үчүн кармалышкан.

Кабарларга караганда, Сирия жана Ирактагы террордук топтордун катарында беш жүздөй тажикстандык бар.

XS
SM
MD
LG