Ссылки доступа

Качкындар түшкөн сүрөт жылдын мыкты фотографиясы болду


Фотожурналисттердин World Press Photo 2016 сынагында австралиялык Уоррен Ричардсон тарткан сүрөт баш байгеге татыды.

Ал мындай абройлуу сыйлыкка венгер-серб чек арасындагы тикенектүү зым тосмодон бир наристени өткөрүп жаткан качкындар тартылган сүрөтү үчүн ээ болду.

Орусиялык фотожурналист Владимир Пономарев бул сынакта Европага агылган качкындар тартылган фоторепортажы үчүн "Жаңылыктар" категориясындагы сыйлыкты алды. Ал былтыр да Газа тилкесинен тартылган сүрөттөрү үчүн ушул сыйлыкка татыган.

World Press Photo дүйнө басма сөзүндөгү фотосүрөттөр боюнча эң абройлуу сынак катары белгилүү.

XS
SM
MD
LG