Ссылки доступа

Астанада "Таблиги жамааттын" беш мүчөсү соттолду


Казак баш калаасындагы Сары-Арка райондук соту өлкөдө тыюу салынган "Таблиги жамаат" диний уюмунун беш мүчөсүнө байланышкан ишти кароону жыйынтыктады.

Сот өкүмүнө ылайык, аталган топтун лидери Халымбахи Халым социалдык кастыкты козуткан жана тыюу салынган уюмга аралашкан деген айып менен эки жылга эркинен ажыратылды. Калган төрт шериги тыюу салынган уюмдун ишмердигине аралашкан деген айып менен бир жылдан абак жазасын алды. Астанада бул иш боюнча сот өткөн айда башталган.

"Таблиги жамаат" уюмуна Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда жана Тажикстанда расмий тыюу салынган. Кошуналарынан айырмаланып Кыргызстан ага тыюу салган эмес жана уюм өлкөдө дааватчылыкты жайылткан ишмердиги менен белгилүү.

XS
SM
MD
LG