Ссылки доступа

Анкара жардыруу үчүн күрттөрдү айыптоодо


Анкарадагы 28 адамдын өмүрүн алган жардырууга катышы бар деген шек менен тогуз адам кармалды.

Түркиянын премьер-министри Ахмед Давутоглу теракт үчүн Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарын жана аларды колдоп жаткан президент Башар Асадды айыптады.

Ошондой эле жардырууну уюштурууга жана аткарууга Сириядагы күрт партиясынын куралдуу кошуундарына Күрт жумушчу партиясы көмөктөшкөн деп эсептейт. Давутоглу бул жардыруудан кийин Түркиянын өнөктөштөрү аталган уюмга каршы күрөштө биригет деген ишеничте. Анын айтымында, набыт болгон 28 адамдын 26сы аскер кызматкери болгон.

Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Ал эми түрк мамлекеттик маалымат булактары аны жүзөгө ашырган жанкечти Түркияга Сириядан качкын катары кирген 1992-жылы туулган жаран экенин жазды. Анын тек-жайы бомба коюлган унаада калган манжаларынын издери аркылуу аныкталган. Сириядагы күрддөр болсо Түркиянын айыптоолорун четке кагууда.

XS
SM
MD
LG