Ссылки доступа

Кадыров орусиялык футболчуга жардам сунуштады


Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров Түркиядагы оюндарда Орусия президенти Владимир Путиндин сүрөтү тартылган майкесин көрсөткөн футболчуну чечен командасынын курамына кошулууга чакырды.

Кадыров «Инстаграм” социалдык түйүнүнө өзү жетектеген «Терек» футбол командасы оюнчу Дмитрий Тарасовду кабыл алууга даяр экенин жазды. Ошондой эле Тарасов бул сунушту четке какса, чечен клубу ага Москванын “Локомотив” клубу тарабынан салынган 300 миң евро өлчөмүндөгү айып пулду төлөп берерин кошумчалады.

16-февралда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, 2:0 эсеби менен түрктөр жеңип чыккан оюн аяктаган соң “Локомотивдин” жарым коргоочусу Дмитрий Тарасов үстүндөгү жеңил кийимин чечип, майкесиндеги Орусиянын президенти Владимир Путиндин сүрөтү менен “эң кичи пейил президент” деген жазууну көрсөткөн.

Европадагы футбол бирлиги Тарасовду эреже бузганы үчүн айыптап, футболчулар саясий чакырыктарды көздөгөн кийим кийбөөгө тийиш деп тапкан.

XS
SM
MD
LG