Ссылки доступа

Сириядагы теракттардын курмандыктары 119га жетти


Жекшембиде Сириянын баш калаасы Дамаск менен Хомс шаарында болгон бир катар жардыруулар жүз жыйырмага чукул адамдын өмүрү кыйылды.

Бул тууралуу сириялык активисттер жана мамлекеттик медиа каражаттар билдиришти. Күндүз Хомс шаарындагы кош жардыруудан элүү жети адам каза болгон.

Андан соң баш калаа Дамасктын Саид Зейнеп районундагы мечиттин жанындагы төрт жанкечтинин жардыруусунан дагы 62 адам мерт кетти. Жарадарлардын саны жүзгө жеткени кабарланды.

Теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу алды.

Сайид Зейнеп мечити шииттердин ыйык жери болуп саналат. Бул жерде Мухаммед пайгамдардын небереси, Алинин кызы Зейнептин сөөгү коюлган. Жыл сайын Ирак, Иран жана Ливандан жүз миңдеген адам зыяратка келет. Ага жакын жайгашкан мейманкана катуу кайтарууга алынган. Анын жанында Сирия президенти Башар Асадды колдогон күчтөрдүн катарында согушуп жүргөн шииттердин “Хезболла” уюмунун лагери орун алган.

XS
SM
MD
LG