Ссылки доступа

Кыргыз аткаминерлеринин “эркетайларынын” жашоосу коомдун талкуусунда 


Кыргызстанда аткаминерлер байлыгын ачык айтпаганы менен, алардын балдары социалдык тармактарда жашоолорун көрсөтүүдөн тартынышпайт.

Азыр социалдык тармактардан кимге байланыштуу болбосун маалымат табууга болот. Кыргызстандын аткаминерлеринин чүрпөлөрүнүн интернеттеги баракчаларына “саякат” учурунда “эркетайлар” дүйнөнүн чар тарабында жүргөн, алдыга умтулган, көп тил билген жаштар болуп чыкты. Саясий жана экономикалык кыйынчылыктын эпкини аларга тийбегени көрүнүп турат.

Айта кетчү нерсе, бул жаштардын ата-энелери өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген жана азыр дагы иштеп жатышат. Алар жыл сайын өтө жупуну кирешеси тууралуу декларация тапшырат. Ошого карабай, балдарын чет өлкөдө окутуп, кычараган машиненин рулуна отургузган. "Эркетайлардын" социалдык тармакка койгон сүрөттөрү жана видеолору алар эгерим кем-карчты көрбөй чоңойгонунан кабар берет. Бирок ошентсе да калыстык үчүн айта кетүү зарыл, “эркетайлар” арасында эл катары жүргөндөр да жок эмес. Кыскасы, саясатчы жана аткаминерлердин балдары алардын ата-энелериндей эле ар кандай экенин көрүүгө болот.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Райымбек Матраимовдун балдары да күндү кантип өткөргөнү тууралуу сүрөттөрүн жарыялап турушат. Бирок макала даярдалып жатканда алар Инстаграммдагы аккаунтун өчүрүп салышты. Бул жердеги Матраимовдун 14 жаштагы уулунун сүрөтүнө коз чаптырганда, анын кол сааты швейцариялык Hublot компаниясыныкына окшош. Сүрөт Сингапур мейманканасынын бассейнинин фонунда тартылган. Ал мейманканада эң арзан номур күнүнө 600 долларды чапчыйт. Башка сүрөттөрдө мектеп окуучусу Улуу Британия менен Дубайдагы кымбат футбол мектептеринде машыгып жатканы тартылган.

“Райым миллион" атка конгон Райымбек Матраимов өзү коомчулукка көп көрүнбөй, журналисттерге маек берүүдөн да баш тартып келет.

Бажы кызматынын башка аткаминерлеринин балдары деле Инстаграммдын "жылдыздарына" айланган. “Түндүк” темир жол бажы кызматынын башчысынын орун басары Кадыр Кеңешовдун кызынын социалдык баракчасына 16 миң адам катталган. Сүрөттөрүндө Дольче жана Габбана брендинин кийимдери, кымбат автоунаалар менен түшкөн.

Социалдык тармактарда милициянын аткаминерлеринин балдары да жок эмес. Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун чүрпөлөрү Массачусетс ( АКШ) университетинин студенттери экенин жазышкан. Бул жогорку окуу жайына тапшырган студент жашаган жеринин ижара акысын, баскан-турганына кеткен чыгымды кошпогондо жылына 30 миң доллар төлөп окуйт. Бостондо жашоо үчүн жалпысынан 50 миң долларга чейин акча коротот. Асановдун маянасы менен мындай каражатты төлөө мүмкүн эместиги белгилүү.

Кыргызстандык укук коргоочулар ИИМ жана прокуратуранын кадр кызматтары көз карандысыз болсо, жогору сүрөттөрдү иликтеп, аткаминерлердин балдары кайсы акчага сайрандап жүргөнүн аныктап чыкмак деген пикирлерин айтышууда. Бирок өлкөдө аны ашкерелөө мүмкүн болбогондуктан, көпчүлүк аткаминерлердин расмий тапкан акчасы үй-бүлөсү короткон каражат менен дал келбейт.

XS
SM
MD
LG