Эми ал май айында Швецияда өтө турган популярдуу ыр сынакта Европанын башка мамлекеттеринин ырчылары менен күч сынашат.
32 жаштагы Жамаланын чыныгы ысымы — Сусана Жамаладинова. 1983-жылы Кыргызстандын Ош шаарында төрөлгөн. Кыргызстанга анын чоң аталары көчүп келген.
Сынакта Жамала советтик диктатор Иосиф Сталиндин буйругу менен ата-бабаларынын Борбор Азияга жапырт көчүрүлүшү тууралуу ырдамакчы. Ыр “1944” деп аталат.
Мазмуну англисче, кайырмасы крым-татарлардын тилинде жазылган ырда 1944-жылдын майында 250 миңге жакын татарлардын мажбурлап жер которгону баяндалат.