Ссылки доступа

Казакстан: Матаевдин ишин көзөмөлдөө өтүнүчү президентке жолдонду


Казакстанда журналисттер биримдигинин төрагасы, Улуттук басма сөз клубдун жетекчиси Сейтказы Матаевдин камакка алынышына байланыштуу бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү президент Нурсултан Назарбаевге ачык кайрылуу жолдошту.

Алар өлкө жетекчисинен бул ишти жеке көзөмөлгө алууну суранышкан.

Казак ПЕН-клубунун жетекчиси Бигелды Габдуллин жана «Адил сөз» укук коргоо уюмунун төрайымы Тамара Калееванын колу коюлган кайрылуу бүгүн Central Asian Monitor гезитинде жарыяланып, анда укук коргоо органдарына ишенбөөчүлүк жазылган.

Сейтказы Матаев 1991-1993-жылдары президенттин маалымат катчысы болуп иштеген. Аны уулу, КазТАГ кабар агенттигинин директору Асет Матаев менен бирге кечээ Алматадагы Жемкордукка каршы күрөш боюнча улуттук кызматтын өкүлдөрү алып кетишкен. Кийинчерээк баласы бошотулуп, атасы камакта калган.

Сейтказы Матаев мамлекеттик каражатты максатсыз коротуу, кымырып алуу жана Алматадагы Улуттук басма сөз клубун мыйзамсыз кайра курган деп айыпталууда. «Адил сөз» уюмунун маалыматы боюнча Матаевдерди куугунтуктоонун артында «саясий диалогдун жана талкуулардын аянтчасына айланган аталган клубдун ишин токтотуу, КазТаг жарыялаган маалыматтардын мазмунун көзөмөлдөө, журналисттер биримдигинин коомдук активдүүлүгүн басаңдатуу» максаты турат. Экөө тең айыптарды четке кагып, күнөөсүз экенин далилдөөгө даяр экендиктерин айтышкан. Эл аралык «Журналисттерди коргоо комитети» (CPJ) Матаевдин камакка алынышына бушаймандык билдирди.

XS
SM
MD
LG