Ссылки доступа

Керри Сирия боюнча келишимди аткарууга чакырды


АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Сириядагы согуштук аракеттерди токтотуу тууралуу макулдашууга жетишилгенине кубанып жатканын жарыялады.

Ошол эле убакта бардык тараптарды келишимде жазылган талаптарды аткарууга так үндөдү.

Эгерде макулдашуу ишке ашса, Сириядагы кан төгүүлөр токтоп, курчоодо турган райондорго зарыл болгон гуманитардык жардам жеткирүүгө, өлкөдө тынчтык орнотууга жана элдин каалоосуна шайкеш келген өкмөттүн түзүлүшүн колдоого мүмкүндүк жаралары айтылат Американын мамлекеттик департаменти тараткан билдирүүдө.

Мындан тышкары Жон Керри келишимди аткарууну татаал деп, бирок бул ыңгайлуу кырдаалды пайдалануу үчүн бардык аракет жасаларын белгиледи. Буга чейин АКШ менен Орусия Сирияда ок атууну ушул жума аягынан тартып токтотуу планын жарыялашкан. Бул келишим террордук жана экстремисттик уюм деп табылган топторго тиешелүү эместиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG