Ссылки доступа

Тажикстан: президенттин күйөө баласынын компаниясы мультфильм тартты


Тажикстанда акы алынган жалгыз автоунаа жолунун ээси, Innovative Road Solutions (IRS) компаниясы мультфильм тартты.

Анда жолдорго төлөм киргизүүнүн мааниси тууралуу түшүндүрмө берилген.

Роликтин баш каармандары улгайган киши менен бала. Алар автоунаада баратып, Тажикстандагы жолдордун абалы тууралуу сүйлөшөт. Мультфильмде төлөм киргизилген жана акысыз жолдордун айырмачылыгы көрсөтүлгөн.

Баланын “жолго эмне үчүн төлөшүбүз керек” деген суроосуна чоң атасы “мындай төлөмдөр дүйнөлүк тажрыйбада бар, андан түшкөн акча жолдорду оңдоп-түзөөгө сарпталат” деп жооп кайтарган.

Виргин аралында катталган Innovative Road Solutions (IRS) компаниясы тажик президентинин жети кызынын биринин жолдошу Жамолиддин Нуралиевге таандык экенин Deutsche Welle маалымдады.

Аталган компания ээлик кылган Дүйшөмбү- Чанак жолу борборду өлкөнүн түндүк жагы менен бириктирип, Өзбекстанга жеткире турган жалгыз каттам болуп саналат. Бул жолду “Биримдиктин жолу” деп да аташат.

XS
SM
MD
LG