Ссылки доступа

Досаев: теңгенин наркы жогорулайт


Казакстандын Улуттук экономика министри Ерболат Досаев Астанадагы өкмөттүн жыйынында социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча болжол өзгөргөнүн, быйыл мунайдын бир баррели 30 доллар, ал эми 1 доллар 360 теңге деп эсептелсе, ички дүң продукциянын өсүшү 0,5 пайызды түзөөрү күтүлүп жатканын билдирди.

Досаевдин айтымында, мунайдын орточо жылдык баасы эл аралык каржы уюмдардын божомолуна байланыштуу 40 доллардан 30 долларга ылдыйлап, теңгенин долларга карата наркы ноябрга салыштырмалуу 300 теңгеден 360 теңгеге көтөрүлгөн.

Казакстанда өндүрүш-инновациялык долбоорлор бюджеттин мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ишке ашырылат жана бул боюнча мамлекеттик программа мартта аяктоого тийиш.

Министр өкмөт 2025-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүү багытындагы жаңы стратегиялык планды иштеп чыгарын, анткени Казакстандын экономикасы жаңы шартта иштеши керектигин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG