Ссылки доступа

Тоскоолдуктарга карабай Яшин Кадыров боюнча баяндамасын жарыялады


Баяндама боюнча 23-февралга белгиленген маалымат жыйыны имаратка бомба коюлганы, телефон аркылуу жана башка коркутуу, тоскоолдуктарга карабай өткөрүлдү.

Оппозициялык саясатчы Илья Яшин маалымат жыйынында анын колундагы баяндама “бомба” экенин билдирип, Чечен Республикасынын президенти Рамзан Кадыровду кызматтан кетирүүнү президент Владимир Путинге сунуштады. Илья Яшиндин баяндамасында Кадыровдун армиясы Орусиянын улуттук коопсуздугуна коркунуч катары бааланды:

-Чеченстан Орусиянын бир региону. Өзгөчө статуспу же андай эмеспи, Чеченстан Орусия мыйзамдары менен жашаш керек. Чеченстан Орусиянын Конституциясына баш ийиш керек. Чеченстанда регионалдык жетекчиге баш ийген регионалдык армия болбош керек.

65 барактан турган баяндамада Рамзан Кадыров “чечен халифатын” орноткону, “байлык-мансапка чиренгени”, жеке армиясын түзүп, ал ар кандай кылмыштарга барып жатканы белгиленген. Илья Яшин Рамзан Кадыровду кызматтан кетүүгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG