Ссылки доступа

Азербайжан Орусияга нааразылык нотасын жөнөттү


Азербайжан тышкы иштер министрлиги Орусиянын Арменияга баасы 200 миллион долларга тете аскер техникаларын жана курал-жарак сатуу боюнча кредиттик келишими күчүнө киришине байланыштуу орус тышкы иштер министрлигине нота жолдоду.

Бул тууралуу бүгүн Азербайжан ТИМинин маалымат кызматынын жетекчиси Хикмет Гаджиев журналисттерге билдирди. Нотада Азербайжан Армения сырттан алган курал менен аскер техникасын жикчил Тоолуу Карабах аймагында колдонорун буга чейин бир канча жолу эл аралык коомчулуктун эсине салып келгени белгиленет.

Баку менен Ереван 1990-жылдагы Тоолуу Карабах чатагынан кийин касташып калган. Армения колдогон жикчилер 1990-жылдардын башында Азербайжандын негизинен этникалык армяндар байырлаган бул аймагын ээлеп алган.

Өткөн жумада Москва Армения Орусиядан курал-жарак сатып алуусу үчүн 200 миллион доллар өлчөмүндө насыя берери кабарланган. Ага Армения "Смерч" реактивдүү системасын, "Игла-С" зениттик-ракеталык комплексин, чопкутталган аскер машинелерин жана башка курал-жарактарды сатып алышы керек. Келишим талаптарына жараша, Армения сатып алчу курал-жарак наркынын он процентин төлөөгө тийиш, калганы насыя эсебинен жабылат.

Видео

XS
SM
MD
LG