Ссылки доступа

Facebookта жаңы кызмат ачылды


Интернеттеги Facebook социалдык түйүнү бүгүндөн тартып колдонуучулардын билдирүүлөрүн калгандар кандай кабыл алып жатканын чагылдырган жаңы “быйтыкчаларды” ишке киргизди.

Эми “Жактыруу” (Like») деген белгиге 5 жаңы кызмат кошулду. Ага ылайык, жаңы белгилер аркылуу жакшы көрүү, каткыруу, таңыркоо, капа тартуу жана кыжырданууну билдирүүгө болот.

Wired сайты кабарлагандай, “лайк” же “жактыруу” белгисинин кошумчаларын иштеп чыгуу аракеттери бир жыл мурун башталган. Facebook компаниясынын кызматкерлери жактырбоону түшүндүргөн dislike аттуу белгинин кереги барбы деген маселени көпкө талкуулашкан. Акырында ар кандай сезимдерди көрсөткөн белгилерди чыгаруу чечими кабыл алынган. Жаңы “быйтыкчалардын” ишке киргизилгенин Facebookтун негиздөөчүсү Марк Цукерберг жарыялады.

XS
SM
MD
LG