Ссылки доступа

Орусиянын аба соккуларынан жаракат алгандар Түркиянын ооруканаларына батпай калууда (видео)


Сирия менен чектешкен Түркиянын аймактарындагы ооруканалар күн сайын Алеппо менен Аазаздагы аба соккуларынан жаракат алган ондогон жарандарды кабыл алууда.

Түркиянын түштүгүндөгү Килис шаарчасындагы бейтапканага бир күндө 90дон ашуун сириялык жаракат менен түштү. Бул тууралуу оорукананын дарыгери Узжан Демир билдирип, алардын көбү жардыргыч заттардын сыныктарынан жаракат алганын кабарлады. Анын айтуусунда, азыр бул оорукана аскердик госпиталдай эле болуп калды.

Газиантеп шаарынын мэри Фатма Шахин болсо орусиялык аба күчтөрдүн чабуулдарынын күчөшү менен жаракат менен ооруканага жеткирилгендер да көбөйгөнүн маалымдады.

«Негизинен карапайым эл Орусиянын соккуларынын курмандыктарына айланууда. Москванын операциялары башталгандан бери Сирияда согуш күчөдү. Бирок биз чек араны ача албайбыз», - деп айтты Шахин.

Шейшембиде Сирия президенти Башар Асад АКШ менен Орусия макулдашкан тынчтык келишиминин шарттарын кабыл алган. Бул келишим 27-февралда күчүнө кирет. Ошол эле маалда Дамаск өзүнө өкмөттүк күчтөргө кол салуу болгон учурда жооп кайтаруу укугун калтырды.

(Бул маалымат тууралуу Түркиянын Сирия менен чектеш Килис жана Газиантеп шаарларынан тартылган видеону төмөнкү шилтеме аркылуу алсаңыз болот: https://rfeftp.rferl.org/?ShareToken=39940E6211A769D6DAB6FDC4A7A38F35B8E669A6 )

XS
SM
MD
LG