Сирия оппозициясынын Жогорку сүйлөшүү комитетинин 24-февралда тараткан билдирүүсүндө, эки жумалык ок атууну токтотуу Сириянын өкмөттүк аскерлеринин жана Орусия аба күчтөрүнүн келишимди сактоого даярдыгын көрсөтөт деп белгилеген. Күрт тобу да ок атууну токтотуу талабын аткарарын, бирок ар кандай кол салууларга жооп берерин билдирди.
АКШ жана Орусиянын ортомчулугу астында 27-февралдан тарта Сирияда ок атууну токтотуу келишимине жетишилген. Бирок бул келишимдин күчү "Жебхат ал Нусра" жана "Ислам мамлекети" деп аталган террордук уюмдарга тарабайт.