Ссылки доступа

AI: Өзбекстанда азырга чейин кыйноолор кеңири колдонулууда


Amnesty International укук коргоо уюму былтыр Өзбекстанда адам укугуна байланышка абал кескин начарлап кеткенин жарыялады.

Аталган уюмдун кезектеги баяндамасында өлкөдө кыйноолор жана катаал запкы көрсөтүүлөр дале кеңири тараганы айтылган.

Маалыматка караганда, өзбек соттору кыйноо, кысым көрсөтүү жана алдоо жолу менен моюнга алдырган маалыматтарга к таянуу менен өкүм чыгарышат. Мамлекетке каршы кылмыш жасаган жана террорчулук үчүн соттолгондордун абактагы мөөнөттөрү өз алдынча эле узартыла берет.

Мындан тышкары Amnesty International уюмунун кызматкерлери өткөн жылдын март айында президент Ислам Каримов төртүнчү ирет шайлоодо жеңип чыкканын эске салып, бул мамлекетте саясий атаандаштык түшүнүгү жок экенин белгилешти.

Соңку жылдарда Өзбекстанда экстремист деген шылтоо менен камакка алуулар күчөп жатканы байкалууда. Мындай оор тагдырга чет элден мекенине кайткан эмгек мигранттары кабылып, алардын көпчүлүгүнө Сириядагы өздөрүн “Ислам мамлекети” деп атаган топко кошулууну көздөгөн деп айып тагылган.

XS
SM
MD
LG