Ссылки доступа

Украинада Януковичтин аңчылык резиденциясы тонолду


Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичтин аңчылык резиденциясы таланып-тонолуп, 3 отургуч, диван жана 4 үстөлдөн башка эч нерсе калган жок.

Бул тууралуу теле алып баруучу Денис Тарахотелик билдирди. Анын айтуусунда, үйдүн терезе-каалгалары да талкаланган. Мародерлор кымбат баалуу техникадан баштап электр ток сайгычтардан бери уурдап кетишкен.

Мындан тышкары жанаша салынган чакан эки турак-жай, сауналар да каракталган. Алар жалгыз гана анча чоң эмес чиркөөгө тийген эмес.

Януковичтин аңчылык резиденциясы Межигорьедеги көпчүлүккө белгилүү президенттик имараттан 40 километр алыстыкта орун алган. 2015-жылы аны кайтарган “Киев-2" батальону Чыгыш Украинага жиберилгенден кийин кароосуз калган.

XS
SM
MD
LG