Ссылки доступа

Генерал Бридлав: Орусия Батыштын душманы болууну чечти


Европадагы НАТО күчтөрүнүн кол башчысы, америкалык аба күчтөрдүн генералы Филип Бридлав Орусия Батыштын каршылашына айлануу жолун тандап алып, АКШ менен анын өнөктөштөрүнө коркунуч туудурат деген пикирде.

Бридлав 25-февралда АКШнын Конгрессинин эл өкүлдөр палатасынын куралдуу күчтөр боюнча комитетинде сөз сүйлөп, Орусия макудашылган эл аралык тартиптин эрежелерин кайра жазып, Европадагы биримдикти жок кылуугу умтулуп жатканын билдирди.

Бридлав 2014-жылдын март айында Крым жарым аралы Украинадан тартып алынып, андан кийин жикчилдердин колдоосунда өлкө чыгышында Киев бийлиги менен согуш башталгандан бери Орусияны катуу сындап келаткан америкалык аскерий жетекчилердин бири.

Орусия Батышка коркунуч туудурат деген көз караштарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG