Ссылки доступа

Назарбаев Евразия экономикалык биримдигинин болочогуна ишенет


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Евразия экономикалык биримдиги өз пайдасын бере турганына ишенимин жарыялады.

Бул тууралуу ал Астанада Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисянды кабыл алган учурда билдирди. Тараптар уюмдун өнүгүү стратегиясын талкуулашты. Назарбаев Саркисяндын аталган комиссиянын коллегиясына төрагалык кылуусу дүйнөлүк экономикадагы оор кезге дал келгенин айтты. Ошондой эле мындай абал Евразия экономикалык биримдиги менен байланыштуу эместигин, аталган уюмга көптөгөн мамлекеттер кирүүгө, кызматташууга кызыкдар экенин белгиледи.

Евразия экономикалык биримдигине Орусия, Казакстан, Белорус, Кыргызстан жана Армения мүчө.

XS
SM
MD
LG