Ссылки доступа

Тажикстанда президенттин уулунун досу ИИМден кызмат алды


Тажикстандын Бажы кызматынын жетекчисинин тун уулу Шохрух Саидзода Ички иштер министрлигинин кылмыш издөө башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп дайындалды.

Бул маалыматты ИИМдин басма сөз катчысы Жалолиддин Садриддинов тастыктады. Мындан мурда «Азия Плюс» агенттиги Шохрух Саидзода аталган кызматка өткөн жумада эле келгенин кабарлаган.

Ага чейин ал «Истиклол» футбол клубунун президенти кызматын аркалап келген. Ошондой эле Жемкордукка каршы күрөшүү агенттигинин жетекчиси, тажик президентинин уулу Рустам Эмомалинин жакын досторунун бири экени белгилүү.

XS
SM
MD
LG