Ссылки доступа

Орусия футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондукка бөлүнгөн бюджетти кыскартты


Орусия бийлиги 2018-жылы өтө турган футбол боюнча дүйнөлүк чемпиондукка каралган каражат кесилбей турганын бир ай мурун жарыялаган эле.

Азыр болсо оюндардын бюджетин кайра карап чыгууга мажбур экенин моюнга алды. Тиешелүү жарлык өкмөттүн сайтында жарыяланды. Бюджет маалымат таратуучу борбордун курулушун токтотууга байланыштуу 80 миллион долларга кыскарат.

Мындай кадамга Орусия экономикада эки жылдан бери уланып келаткан оор кырдаалдан улам барууда.

Уюштуруу комитети аталган борборду куруудан баш тартуу менен маалымат таратуу планы өзгөрүлбөй турганын билдирди. Калган объектилердин курулушу белгиленген тартип менен ишке ашырылып жатат. Спорт министри Виталий Мутко былтыр бюджетте бир нече жолу кыскартуулар болгондон кийин мындан ары дүйнөлүк чемпиондукка даярданууда үнөмдөө аракеттери көрүлбөйт деп айткан эле.

XS
SM
MD
LG