Ссылки доступа

Кыргызстандын экономикалык абалы оор болот


Былтыр өлкөдө экономиканы туруктуу кармап турууга жетишилди. Бирок быйыл ийгиликке жетүү кыйла оор болот. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев  Инвестиция жана ишкерликти өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтуусунда,быйылкы жылдын биринчи бөлүгүндө экономикалык өсүштүн жайлаганы байкалды. Экинчи жарым жылдыкта оң жакка өзгөрүүлөр боло турганы күтүлүүдө. Жылдын этегинде жакшы жылыштарга жетишүү керек. Бирок бул оңойго турбайт. Андыктан жаңы жумуш орундарын түзүү, ишкердикке болгон тоскоолдуктарды азайтуу, инвестиция үчүн жагымдуу шарттарды камсыздоо боюнча аракеттер уланууга тийиштигин айтты Темир Сариев.

Өкмөт башчы 2016-жылга карата антикризистик план иштелип чыгып, бекитилгенин эске салды.Ошондой эле кризисте стандарттык эмес чаралар кабыл алынышы керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG