Кабарчы толугу менен акталды жана реабилитацияланат. Башкача айтканда, Алматанын ички иштер департаментин кызматкерлерин сотко бергенге укуктуу. Судья Людмила Бектемирова маңзат каяктан пайда болуп калгандыгын иликтөө үчүн жеке токтом чыгарды.
Юлия Казлованын актоочусу соттун өкүмүн «уникалдуу» деп атады.
Журналист маңзатын сактоо боюнча айыпталып жаткан.
Аны 180 саатка коомдук жумушка тартуу сунушталган болчу. «Техникалык мүчүлүштүктөр» деген шылтоо менен соттун отуруму үч жолу артка жылган. Бул үчүн судья кечирим сурады.