Ссылки доступа

Кыргыз футбол федерациясы британ депутатынын сөзүн четке какты


Кыргыз футбол федерациясынын басма сөз өкүлү Наталья Угрюмова британ парламентинин депутаты Дамиан Коллинстин сөздөрүн “негизсиз” деп айтты.

Британиянын Консервативдик партиясынан депутат, ФИФАны реформалоо боюнча өнөктүк жүргүзүп келген Дамиан Коллинс дүйнөлүк футбол уюмунун президенттигине талапкер болгон Шейх Салман бин Ибрагим ал-Халифа 2013-жылы Азия футбол конфедерациясынын президенттиги үчүн шайлоодо Кыргызстандын футбол федерациясына пара берген деп шек саноого “бекем негиздер бар” деп билдирген.

Британ депутатынын шайлоого эки күн калганда айткан бул сөздөрүн өткөн аптада айрым британ гезиттери басып чыккан.

Кыргызстандын футбол федерациясынын өкүлү Наталья Угрюмова мындай маалыматтардын тарашы шайлоо алдында ал-Халифанын талапкерлигин каралоо аракети болгону менен байланыштырат.

Мыйзамсыз иштерге барбаганын мурадараак шейх Салман ал-Халифа өзү дагы айтууда. Ал өткөн жума күнү ФИФА президентин шайлоонун экинчи айлампасында УЕФАнын баш катчысы Жанни Инфантиного (Gianni Infantino) уттурду.

XS
SM
MD
LG