Ссылки доступа

Назарбаев  үч тилди үйрөнүүгө үндөдү


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Астанада кечээ белгиленген Алкыш күнүнө карата уюштурулган иш-чарада сүйлөп жатып, азыркы тапта үч тилди билүү зарылдыгына токтолду

Назарбаев орус тилин эзелтен бери келаткан коңшулук алаканын тили катары баалап, аны үйрөнүүгө чакырды. Англис тилин илим менен инновациянын тили катары сыпаттады.

Президент заманбап турмушта эне тил менен кошо аталган эки тилди билүү учур талабы экенин кошумчалап, мектептен тартып эле балдар аларды үйрөнүп жатканын белгиледи.

17-февралда мамлекет башчы Алматада элди казак тилинде гана сүйлөөгө мажбурлоого аракеттенүү менен айрым аткаминерлер чектен чыгып жатат, деген сын айткан эле. Кийинчерээк президенттин акимчилиги Назарбаев муну менен аткаминерлер эл кайсы тилде суроо берсе, ошол тилде жооп кайтарууга тийиштиги тууралуу кеп козгоду деп түшүндүрмө берген.

Өлкөдө казак тили мамлекеттик тил болуп саналат. Баш мыйзамга ылайык, өкмөттүк мекемелерде жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарында эне тил менен биргеликте орус тили да расмий колдонулат.

XS
SM
MD
LG