Арасында орусиялык, канадалык, кытайлык жана болгариялык журналисттер бар. Ок атышуу Идлиб аймагынын тегерегинде болгон. Азырынча медиа кызматкерлер тиреш күчөгөн аймакка кирип калганы тууралуу эле айтылууда. Алардын абалы жөнүндө билдирүү жок.
Маалыматка караганда, алар “Жебхат ал-Нусра” экстремисттик тобунун жоочулары ок жаадырган аймакта болгон.
27-февралда күчүнө кирген тынчтык келишимине карабай, соңку 24 саат ичинде Хомс, Алеппо, Дамаск, Латакия шаарларында атышуулар болду.
Дүйшөмбү күнү АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри эмне болгон күндө да тынчтык келишиминин талаптары сакталарын билдирген болчу.