Ссылки доступа

Медакадемия өлкө жетекчилигине кайрылды


Медициналык академиянын жамааты окуу жайдын аппарат башчысынын өлүмү боюнча иликтөө жүргүзүүнү талап кылып жатат.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Абдыкерим Гапаров 26-февралда пара алып жаткан жеринен колго түшөрдө жүрөгү кармап каза болгонун билдирген эле. Атайын кызматтын бул аракети коомчулукта бир топ талкуу-талаш жаратты.

Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын жамааты окуу жайдагы кайгылуу окуяга байланыштуу өлкө жетекчилигине кайрылуу жолдоду. Академиянын маалымат катчысы Абибила Пазыловдун айтымында, Гапаровду кармоодо жол-жобо одоно бузулган жана мунун айынан адам өмүрү кыйылган:

- Ондон ашык адам келип, террорчу же болбосо чоң кылмышкер кармап жаткансып, анын оорулуу экенин айтканыбызга карабастан, анын иш бөлмөсүнө эч кимди киргизбей, тинтүүнүн, кармоонун жол-жоболорун одоно бузушкан. Мына ушундай аракеттер адамдын өлүмүнө алып келген. Алар оорулуу адамга тез жардам көрсөткөн эмес, медициналык жардам керек болуп калганын айтышкан да эмес. Адам өлгөндөн кийин аягына чейин турбай, ак-көк дебей, документтерин көрсөтпөй, кайдан келишкенин да айтпастан кетип калышкан.

Медакадемиядагы адам өлүмү менен аяктаган окуяны азыр Башкы прокуратура Бишкек шаарындагы Октябрь райондук прокуратурасы жана райондук милиция менен чогуу текшерип жатат.

XS
SM
MD
LG