Ссылки доступа

Орусиялык блогер соцтармактагы пикири үчүн соттолууда


Орусиянын Ставрополь аймагында 2-мартта блогер Виктор Красновго байланыштуу сот башталды.

Ага “В Контакте” орус социалдык тармагында дин ишенгендерди кемсинткен, деген айып тагылууда. Бул тууралуу “Агора” укук коргоо уюмунун жетекчиси Павел Чиков Фейсбук баракчасына жазды.

2014-жылдын күзүндө “ВКонтакте” соцтармагындагы талкуу учурунда Краснов “Кудай жок” деп жазып, Библияны “жөөт жомокторунун жыйнагы” деп атаган. Бул үчүн талкууга катышкан эки колдонуучу ага каршы полицияга арыз жазышкан, дейт укук коргоочу. Сот ушул жылдын 4-февралында башталганы менен, жабырлануучумун дегендер ага келген эмес.

Сот аларды бүгүнкү отурумга алып келүүгө милдеттендирген. 2015-жылдын аягында Орусиянын Тергөө комитети Красновго динге ишенгендерди кемсинтүү беренеси боюнча айып таккан. Бул берене боюнча соттолгондорго жаза пул же 3 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG