Ссылки доступа

Өзбекстандык укук коргоочуларга эл аралык сыйлык берилет


Эл аралык эмгекчилердин укугун коргоо форуму билдиргендей, барктуу сыйлык өзбекстандык укук коргоочулар - – Дмитрий Тихонов, Елена Урлаева жана Уктам Пардаевге тапшырылат.

Бул сыйлык укук коргоочуларга Өзбекстанда пахта талаасына элди мажбурлап чыгарууга бөгөт коюуда тайманбай, жигердүүлүк менен иштегендиктери үчүн берилмекчи.

Үч укук коргоочу өлкөдөгү балдар эмгегине байланышкан абалды иликтөө жана ачык чагылдыруу менен алектенип келишкен. Бийликтин кысымына байланыштуу Ташкен облусунун Ангрен шаарында жашаган 42 жаштагы укук коргоочу жана көз карандысыз Дмитрий Тихонов Өзбекстандан чыгып кетүүгө аргасыз болгон. Уктам Пардаев менен Елена Урлаева көп учурда Өзбекстандагы катаал саясий шартта өмүрлөрүн тобокелге салып, адам укуктарын коргоону улантып жаткан адамдардын катарында.

Аларга сыйлык берүү аземи быйыл майда Вашингтондо өтөт.

XS
SM
MD
LG