Европа лидерлери Сирияда саясий өткөөл учурду баштоо үчүн ок атпоо келишимин сактоо зарылдыгын эскертиши мүмкүн.
27-февралда күчүнө кирген тынчтык келишими Сирияда беш жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу жолундагы алгачкы олуттуу кадам деп сыпатталууда. Бирок келишимде “Ислам мамлекети”, “Ал-Каида” жана “Ал-Нусра” сыяктуу террордук топторго сокку урууларды токтотуу каралган эмес.
Орусия Сирия бийлигин колдойт. Батыш Москва Дамаскка колдоо көрсөтүп, оппозициядагыларды аёосуз аткылап жатканын сындайт.