Ссылки доступа

Савченко күнөөлүү эместигин кайталоодо


Орусияда камакта жаткан украиналык учкуч Надежда Савченко айыптуу деп табылган учурда аппеляциялык арыз жазбай турганын жарыялады.

Савченконун иши боюнча кечээги соттук отурумда ага акыркы сөз айтууга уруксат берилген жок. Анын адвокаттары акыркы сөздү сүйлөп, абакта негизсиз кармалып турганын белгилешти. Учкучтун сөздөрүн сиңдиси Вера Савченко айтып берди. Анда Надежда айыптуу деп табылса күнөөнү, өкүмдү орусиялык сотту тааныбай турганын белгилеген.

Ростов облусундагы Донецк шаардык сотундагы бул жараянда Савченконун өзүнө да соңку сөз берилип, өкүм чыгышы күтүлгөн эле. Талаштуу жагдайлардан улам отурум кийинки аптада уланып, учкучка акыркы сөз берилмей болду. Буга нааразы болгон Савченко ачкачылык жарыялаганын маалымдады.

Буга чейин прокурор аны 23 жылга эркинен ажыратып, 100 миң рубль айыпка жыгууну сураган. Ал Луганскта 2014-жылы кармалып, орусиялык телеканалдын журналисттеринин өлүмүнө айыпталууда. Өзү күнөөсүз экенин жана жикчилдер кармап кетип, Орусияга өткөрүп беришкенин айтып келет. Киев болсо аны аскерий туткун деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG