Ссылки доступа

Бобокулова наристенин өлүмүн «Сирия үчүн Путинден өч алуу»деп атады


Төрт жашар кызды мыкаачылык менен өлтүргөндүгү үчүн айыпталып жаткан Гүлчехра Бобокулова мындай жол менен Сириядагы согуш үчүн Орусия президенти Владимир Путинден өч алганын жарыялады.

Бул туурасында ал «YouTube» сайтындагы видео жазууда айтып берген. Путин Сирияда аба соккуларын уруп жаткандыгын, мерт кеткендердин арасында балдар да бар экендигин ачыктаган.

Наристени өлтүрүүнү аял бир ай мурун пландаган. Президенттин басма сөз катчысы Песков бул билдирүүнү “акылынан айныган” аялдын кылыгы катары кабылдап, анын сөздөрүн олуттуу кабыл албоого үндөдү. Аны менен бирге тергөөнүн аягына чейин айыпкердин аракетинен жыйынтык чыгарбай турууну баса белгиледи.

Гүлчехра Бобокулова 29-февралда Орусиядагы “Октябрьское поле” метросунан кармалган. Ал колуна баланын кесилген башын көтөрүп жүргөн. Бала багуучу аял кожоюндар кеткен соң, үйдү өрттөп, наристени мыкаачылык менен өлтүргөн. Ал эки айга камакка алган. Сотто 4-мартта ага киши өлтүрүү, өрттөө, терракт боюнча жалган маалымат берүү тууралуу айып тагылары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG