Окуя 25-февралда Москванын борборундагы Чистопруд гүлбагынын жанындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөктө болгон. Актер автоунаасынан түшпөй, жабыркаган адамга жардам берген да эмес.
Кырсыктан Диляра Нурзуллаева жабыркап, Склифосовский институтуна жеткирилген. Анын үч кабыргасы сынып, көптөгөн жаракат алганы, башына доо кеткени аныкталды. Азыр ал үйүндө дарыланууда.
Валерий Николаев бир күн изделип андан кийин колго түшкөн. Иш сотко өтүп, актер “Полиция кызматкерине моюн бербөө” беренеси боюнча 10 күнгө камакка алынды. Сот залынан чечим чыкканга чейин кетип калып, 27-февралда кайра кармалды. Орусияда сериалдарга тартылып, элге таанылган актердун күнөөсү далилденсе, 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.