Ссылки доступа

“Норманд төрттүгү” Донбасстагы шайлоо боюнча мунаса таба алган жок


Франция, Орусия, Украина жана Германиянын тышкы иштер министрлери Парижде Украинанын чыгышындагы абалды талкуулоодо.

Тараптар Донбасстын бир катар райондорунда шайлоо өткөрүү тууралуу маанилүү маселеде бир пикирге келе албады. Германия менен Франция шайлоону быйылкы жылдын ортосунда өткөрүүнү сунуштады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров өз өлкөсү бул демилгени колдой турганын, бирок Киев ага каршы болгонун билдирди. Украинанын Тышкы иштер министри Павел Климкин Донбасста шайлоо өткөрүү үчүн биринчи кезекте коопсуздук маселелерин чечүү зарылдыгына токтолду. Төрт өлкөнүн башкы дипломаттары буга чейин кабыл алынган тынчтык келишиминин аткарылышын да ортого салышты. Жолугушууну утурлай Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер Франция менен Германия “орус жана украин тараптан алга жылуу болорун боолгоп жатабыз” деп билдирди.

Киев менен Батыш өлкөлөрү Москваны Украинанын чыгышына өз аскерлерин жана техникасын жөнөтүп, жикчилдерге колдоо көрсөтүп жатат, муну менен тынчтык келишимин бузууда деп айыптап келатат. Орусия бул айыптоо негизсиз экенин айтууда.

XS
SM
MD
LG