Ссылки доступа

Тажикстанда имамдар театрга чакырылууда


Тажикстандын Дин иштери жана каада-салттарды ирээтке келтирүү боюнча комитетинин демилгеси менен өлкөнүн булуң-бурчундагы мечиттердин имам-хатибдерине театрдан “Жашыруун сыр жана аны чечүү” деп аталган оюн көрсөтүлүп жатат.

Аталган мекеменин басма сөз катчысы Афшин Мукимов молдолор да коомдун мүчөсү экенин, алардын адеп-ахлактык муктаждыктарын канааттандыруу зарылдыгын, мындан улам театрларда акысыз оюн коюлуп жатканын билдирди. Анын айтуусунда, имамдар ага өз ыктыяры менен келсе болот.

Бул оюнда Орусияда эмгек мигранты болуп иштеп, оор кыйынчылыктарды баштан кечирүү менен мекенине кайтып, жергиликтүү кызга баш кошууну көздөгөн жаш адамдын тагдыры баяндалат. Автор анын үйлөнүшүнө туугандары менен молдолордун берген таасирин көрсөткөн. Атасы баласынын үлпөтү үчүн бардык мүлкүн сатып, молдолор тойдон пайда табышат. Ашыкча каражат сарпталгандыктан, жаш үй-бүлө башчысы оор абалга кабылат.

Аны көргөн молдолордун бири берейин деген ойду мыкты деп баалап, айрым аткаруучулардын кийимин сындады.

Дин иштери жана каада-салттарды ирээтке келтирүү боюнча комитети болсо муну менен молдолордун аң-сезими өнүгөт деген пикирди карманууда. Өткөн айларда Согди жана Хатлон облустарынын имамдары театрга барышкан.

Өлкөдө 3 миңден ашуун имам-хатиб бар.

XS
SM
MD
LG