Ссылки доступа

Өзбекстанда жаңы мессенжер иштелип чыкты


«Star Palete» компаниясынын программисттери Galagram аттуу жаңы мессенжерди иштеп чыгышты.

Podrobno.uz интернет басылмасы Өзбекстандын интеллектуалдык менчик боюнча агенттигине таянып маалымдагандай, башка уюлдук кызматка атаандаш боло алат.

Акысыз жүктөлгөн мессенжер аркылуу маалымат, сүрөт, аудио быйтыкчалар, видео, аудио билдирүү жөнөтүп , онлайн оюндарды тандоого мүмкүндүк бар. Galagram смартфондор жана компьютерлерге ылайыкташылган.

Бул кызмат эл аралык деңгээлге чыгууга даярдалган, анын интерфейси көп тилдүү (англис, орус, өзбек, кытай жана башкалар). Колдонуучулардын аккаунттары телефон номурлары менен байланыштуу болот. Кызматка каттоо учурунда коду бар SMS жиберүү аркылуу телефон текшерилет.

XS
SM
MD
LG