Ак үйдөн маалымдашкандай, Байден алгач Бириккен Араб Эмирлигине барып, Израиль жана Иорданияны кыдырат. Анын Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жана палестин автономиясынын башчысы Махмуд Аббас менен жолугушуусу мерчемделген.
Күн тартибинде израил-палестин чатагын чечүү боюнча олуттуу демилгелер көтөрүлбөй турганы кабарланды. Расмий Вашингтон чатакташкан тараптардын бири дагы тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн саясий эркти көрсөтөрүнө ишеним жоктугун билдирди.