Ссылки доступа

Түркияда качкындардын өлүмү боюнча эки сириялык соттолду


Түркияда беш адамдын, алардын арасында 3 жашар Айлан Курдинин өлүмү боюнча сириялык эки жаран 4 жылдан эркинен ажыратылды.

Муфавак Алабаш менен Асем Алфрхадды Түркиянын Бодрум шаардык соту адам аткезчилиги үчүн күнөөлүү деп тапты. Алар качкындарды деңиз аркылуу Түркиядан Грецияга катаал шартта жиберип турган.

2015-жылы сириялык бозгундардын баласы Айлан Курдинин жансыз денесинин деңиз жээгине чыгып калган сүрөтү дүйнө жүзүндө катуу талкуу жараткан. Европага өтүүгө аргасыз болгон миңдеген качкындардын тагдыры эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган.

Азыркыга чейин Түркия аркылуу грек аралдарына өтүүгө миңдеген качкындар аргасыз болууда. Алардын көбү беш жылдан бери согуш оту уланып жаткан Сириянын жарандары.

XS
SM
MD
LG