Ссылки доступа

Ирандык миллиардер өлүм жазасына өкүм кылынды


Жемкорлукка жана экономикалык кылмыштарга айыпталган ирандык миллиардер Бабак Занжанини сот өлүм жазасына өкүм кылды.

Иран сотунун өлкөдөгү эң бай адамдардын бирине жана ишке тиешелүү делген дагы эки кишиге карата чечими бүгүн белгилүү болду. Андан тышкары Занжани мамлекетке келтирилген чыгымды төлөө милдеттендирилди. Айыпталгандар бүтүмгө каршы жогорку инстанцияга арыздана алышат.

Миллиардер Занжани 2013-жылы декабрда камакка алынган. Ошол учурда анын байлыгы 14 миллиард долларга бааланган болчу. Анын атагы Иранды Махмуд Ахмединежад башкарып турганда чыгып, Тегеранга эл аралык санкцияларды кыйгап өтүп, мунайды чет өлкөгө сатканга жардам берет деп шектелген.

2012-жылы АКШ жана Евробиримдик Бабак Занжанини санкцияларды кыйгап өтүп иш жүргүзгөн киши катары “кара тизмесине” кошушкан.

XS
SM
MD
LG